Президент Садыр Жапаровго жана Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбеге Ысык-Көлдө улуттук ат оюндары көрсөтүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өттү. Анын кире беришинде добулбас жаңырып, конокторду улуттук кийимчен жигиттер жана кыздар тосуп алышты. Андан соң көк бөрү, куш салуу, тайган менен аңчылык кылуу, ат үстүндө жаа атуу жана кыз куумай оюну көрсөтүлдү. Жыйынтыгында каскадёрлор жигитовка, эр сайыш жана ат үстүндө "өрттөнүү" трюктарын аткарышты.
Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалим, дарыгер, маданият жана спорт тармагындагылар менен катар, мамлекеттик ЖМК өкүлдөрүнүн айлыгы көбөйдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, бул кесиптердин ээлери кеминде 40 миң сом, алды 100 миң сомдон ашык ала баштады.
Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу түрү бышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жергиликтүү багбан Толубай Жалилов бир жыл мурун 20 гектар жер аянтын өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк тиккен. Туркиядан өрүктүн жарым карлик фуего, приция, микадо түрлөрүн алып келген. Быйыл өрүктөр мол түшүмүн берүүдө. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, багбан түшүмүн Казакстан жана Россияга экспорттоодо.
Бишкек шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, фонтандын бирөө Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында, дагы бирөө Уркуя Салиева аянтында жайгашкан. Бул аймактарды оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү. Театралдык гүл бакчасында фонтанды реконструкциялоодо фонтан толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылды. Архитектуралык формалары заманбап материалдар жана жабдуулар менен калыбына келтирилип, жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду. Ал эми Уркуя Салиева аянтындагы фонтанды оңдоодо заманбап технологиялар колдонулуп, жарык, музыка менен коштолгон фонтан системасы орнотулду. Сууну чыпкалоо жана жалбырак чогултуу системалары да орнотулган.
Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери жүрөт. Ошондой эле бүгүн, 30-апрелден тарта Гоголь көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаалардын кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Чектөө жылуулук түйүнүн алмаштыруу боюнча пландуу жер казуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу киргизилет, бул иштер жаңы асфальт төшөө башталганга чейин аткарылат. "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранат жана жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырып алууну суранат.