БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын аймагынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Талас жергесинде +22...+27, Ысык-Көлдө +16...+21, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +27…+29 градуска жетет.