Жакынкы Чыгыштагы абал дүйнөдө бир гана мунай таңсыктыгына эмес, айыл чарба багытына да таасирин тийгизүүдө. Тактап айтсак, Ормуз аркылуу ташылган жүктөрдүн ири көлөмүн жер семирткичтер да түзөт. Мындан өзгөчө жабыр тарткан мамлекеттер Түштүк азия, Чыгыш Африкада болууда. Мындай таңсыктык кымбатчылыка жана түшүмдүн аз болуусуна алып келип, жыйынтыгы ачарчылыка кептерин божомолдогон серепчилер да жок эмес. Эгер Жакынкы Чыгыштагы конфликт уланып кетсе экономикалык кризистин болору анык. Мындай учурда Кыргызстанда абал кандай болушу мүмкүн деген суроо жаралат. Албетте, дүйнөлүк баанын жогорулашы өз тассирин тийгизиши мүмкүн, бирок Евразия экономикалык бирлигинин алкагында алып карай турган болсок өзгөчө Россия жана Белорусиядагы запастарды жана агрардык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен уюмга мүчө мамлекеттерде бул кризистен жумшак чыгып кетип эле эмес, аны мүмкүнчүлүк катары колдонуу дагы болорун билсек болот.
Бүгүнкү «Экономикалык панорамада» дал ушул Жакынкы чыгыштагы абалдын экономикалык багыттарына саресеп сладык.