БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы аэропортто авиапарк менен музейден турган чоң комплекс ачылганын "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынан билдиришти.
Маалыматта аталган жайда авиасимулятор орнотулганы, ал жакка келгендер өзүн учкуч катары сынап көрсө болору айтылат.
"Мындай комплекс регион боюнча жок. Заманбап жайда авиациянын тарыхы камтылып, маалымат берүүчү элементтер жана интерактив менен коштолот", — деп айтылат кабарда.
Экспозицияда келген адамдарга "учуп көрүүгө" мүмкүнчүлүк берген авиациялык симулятор өзгөчө мааниге ээ.
"Музей каалоочулар үчүн ачык. негизинен жаштарга багытталган. Долбоор жаштардын авиацияга болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесибин тандоого көмөктөшүүнү көздөйт", — деди "Кыргызстан аэропорттору" компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы Манасбек Самидинов.
Жакын арада ушундай эле музейди "Манас" аэропортунда да ачуу пландалууда.