БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда чегиртке 7 320 гектар аянтка жайылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, беш райондо 5 даана атайын техника тартылып, тынымсыз химиялык иштетүү жүргүзүлүүдө. Ушундай эле иштер Ош облусунда да аткарылды.
Министрликтен белгилешкендей, өлкө боюнча кырдаалга көзөмөл күчөтүлдү. Быйыл зыянкечтер адаттагыдан эрте пайда болгондуктан, адистер 11 530 гектар жайытты текшерип чыгышты.
“Бүгүнкү күнгө карата 4 миң гектар аянт иштетилди, жакынкы күндөрү дагы 7 миң гектарды камтуу пландалууда. Кырдаал көзөмөлдө”, — деп билдиришти Айыл чарба министрлигинен.