БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Европа биримдигинин Кыргызстанга карата санкциялары өлкөнүн Россия менен болгон алакасына эмес, өз кызыкчылыгын коргоо аракетине байланыштуу экенин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Ал “Биринчи каналга” курган маегинде өлкөлөр өз кызыкчылыгы үчүн аракет кылганда белгилүү деңгээлде тобокелчиликке барып, андан пайда да көрөрүн белгиледи.
Песковдун айтымында, Бишкек Москва менен улуттук кызыкчылыктан туруп мамиле курат, ал эми эки өлкөнүн кызматташуусу өз ара пайдалуу болуп эсептелет.
“Эгер өлкө өз пайдасы үчүн бир нерсе кылып жатса, демек, андан жакшы эле киреше көрүп жатат. Ал башка жактан болушу мүмкүн болгон пайдадан да чоң нерсе. Ошондуктан бул кадамды акталган тобокелдик деп айтууга болот” — деди ал.
Белгилей кетсек, Европа биримдиги Кыргызстанды Россияга каршы санкцияларды айланып өтүү коркунучу бар өлкөлөрдүн катарына киргизип, көзөмөлдү күчөткөн атайын механизмди ишке киргизген. Санкциялардын 20-пакетинин алкагында айрым жабдууларды (мисалы, станоктор, роутерлер, радиостанциялар) Кыргызстанга экспорттоого чектөө коюлган.