Агартуу министри эки тилдүү мугалимдерди даярдоо зарылдыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда орус тили Баш мыйзам менен корголот. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Москвада өтүп жаткан "Евразия — салттуу баалуулуктардын аймагы" деп аталган форумда айтты.
Ал учурда тилди үйрөткөн мугалимдер жетишсиз экенин, министрлик мындан улам орус тили факультеттерин субсидиялоо же эки тилди билген мугалимдерди даярдоо боюнча сунуштарды киргизип жатканын белгиледи.
"Кыргызстан — кош тилдүү өлкө. Анда 1,5 миллион бала орус тили сабагын окуйт. Билим берүүнүн негизги миссиясы — кайсы жерде жашабасын, өз өлкөсүнүн креативдүү, чыныгы жарандарын тарбиялоо. Эң башкы баалуулук — Мекенге кызмат кылуу, муундар аралык байланышты, улуттук баалуулуктарды жана үй-бүлөлүк салттарды сактоо", — деди министр.
Кыргызстан Россиядагы ЖОЖдордон дагы 300 гранттык орун сурады