Депутат: 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка сатылып, кийин ал жанын кыйган

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 13 жаштагы кызды Дубайга сойкулук менен алектендирүү үчүн сатып жиберишкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди.
Ал мындай маалыматты өспүрүмдүн энесинен алганын айтты.
“Аял 2015-жылы жолдошу менен ажырашып кеткен экен. 2024-жылы мурдагы кайын сиңдиси кызды "алыстап калбасын" деп Дубайга эс алууга алып кетүүнү суранган. Натыйжада өспүрүм сойкулук менен алектенүүгө мажбур болуп, кайткандан кийин жанын кыйган”, — деди Сурабалдиева.
Депутат келиндин кайын сиңдиси кызды сатууга катышкандардан батир алып, өзүнө каттатып алганын кошумчалады.
17 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлашкан. Өзгөндө үч милиционер кармалды