БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Барскоон – Бедел автожолуна эки тоннель жана 50дөн ашык көпүрө курулат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги трассанын бүткүл узундугу боюнча геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр аяктаганын билдирди.
Учурда бетон заводдорун, майдалоо-иргөө комплекстерин, карьерлерди, вахталык шаарчаларды жана башка убактылуу объектилерди куруу иштери жүрүп жатат.
Долбоорго ылайык, эки тоннель куруу каралган:
№1 тоннель (Сөөк) — узундугу 5 340 метр;
№2 тоннель (Ашуу-Суу) — узундугу 3 788 метр.
Көпүрөлөрдү куруу иштери азырынча даярдык этабында. Учурда объектиде 550дөн ашык адам иштеп жатат. Дагы кошумча адистер тартылат.
Жалпы автожолдун узундугу 160 чакырымдан ашык болуп, ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылы менен кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө пунктун байланыштырат.
Долбоор өткөн жылдын август айында башталган жана болжол менен беш жыл ичинде бүткөрүү пландалууда.