АКШнын согушу – шайтандын согушу: Жакынкы Чыгыштагы абал кандай?

Sputnik
Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу дүйнөнүн көңүл борборунда. Айрыкча Ормуз кысыгы айланасындагы абал энергетикалык рынокко түз таасирин тийгизип, мунай баасынын өзгөрүшүнө себеп болууда. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунайдын олуттуу бөлүгү ташылганы белгилүү — демек, бул жерде жаралган ар кандай коркунуч глобалдык экономиканын туруктуулугуна сокку урушу мүмкүн. Ормуз кысыгы чындап эле жабылып калуу коркунучундабы, бул энергетикалык кризистин башталышына алып келеби?
Мындай шартта дүйнөлүк экономика кандай өзгөрөт, ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир тийгизиши мүмкүн — ушул сыяктуу суроолорго Экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров пикири менен бөлүштү.