Билим берүү, маданият жана колдоо: "Евразия" уюмунун Кыргызстандагы иши

"Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси агартуу, маданият жаатында бир катар иштерди аткарып келишет. Өзгөчө аймактарга көңүл буруп, билим берүүгө, тилге басым жасалат.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан радиосунда Евразия Кыргызстан регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова болду. Биз "Евразия" бейөкмөт уюмунун өлкөдөгү ишмердүүлүгү тууралуу баарлаштык.
— Евразия уюмунун багыты негизинен билим берүү, агартуу жана маданиятка жараша экенин байкап жүрөбүз...
— "Евразия" коммерциялык эмес автономдуу уюумунун түзүлгөнүнө эки жылдын жүзү болот. Негизинен студенттерди, жаштарды колдоп, кайрымдуулук иштерин көп жасашат. Былтыр министрлер кабинети менен түзүлгөн келишимдин аркасында уюм окуу жылынын башталышында окуучуларга 100 автобус берди. Кайрымдуулук иштерди көбөйтүү максатында Кыргызстанда аймактык кеңсе ачканбыз. Анын арты менен команда бир топ иштерди аткарып жатабыз. Орок айылында 10 гектарды ээлеген парк ачылды. Ошондой эле пенсия курагындагы ата-апаларды колдоо үчүн социалдык дүкөндөр иштеп жатат. Ал жакта жашоого маанилүү азык-түлүк базар баасынан арзан сатылат. Учурда борбордо дүкөндүн беш түйүнү бар. Муну менен катар Кыргыз-Россия Славян университетине жана Кыргыз улуттук университетине аймактарга чыгып, илимий иштерди жасоого ыңгайлуу мобилдик лабораториясы бар автобус белек кылдык.
— Бишкекте уюмдун маданият борбору иш алып барат. Мындай борборлор аймактарга да ачыларын угуп жатабыз. Кайсы аймактарда болот?
— Ооба, Бишкекте Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусу менен Орус тили жана маданияты борбору былтыр ачылган. Учурда абдан жакшы иштеп жатат. Орус тили, актёрдук чеберчилик, оратордук искусство, арт-терапия, балдар психологиясы, компьютердик базалык билимдерин окутуу ийримдери балдарды бекер окутат. Мында 6 жаштан 11-класска чейинки балдар билим ала алат. Деңгээл бийик болгондуктан курстар толуп калууда. Ошондуктан алдын ала жазылышат. Балдарга пайдалуу экенин байкап, региондорго ачууну да пландап жатабыз. Нарын облусунун жетекчилиги бир мектептен 200 чарчы метр аянтча бөлүп берди. Бүгүнкү күндө жарыктандыруусун жакшыртып, окутууга толук шарт түзүү максатында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Буюрса, 1-июнь — Балдар күнүнө карата ачылып калат. Бул башка аймактарга да жайылтылат. Бишкектеги борбордо кыргыз тилин үйрөтүү курсун ачууну ата-энелер сунуштап жатышат. Анткени шаардагы балдар орус тилинен эмес, кыргыз тилинен аксап калууда.
— Социалдык дүкөндөрдөн пенсионерлер кантип соода кыла алышат?
— Сырттан кирген бардык пенсионерлер эле келип ала беришпейт. Алгач пенсионер экенин тастыктаган документин паспорту менен кошо көргөзүп катталып, карта алат. Анын жардамы менен соода кылышат. Учурда базада 25-30 миңге жакын пенсионерибиз бар. Азыр ушундай жол менен суроо-талаптын негизинде студенттерге, 18 жашка чыга элек балдары бар жаш үй-бүлөлөргө, мугалимдерге жана медиктерге да арзаныраак азык-түлүк алуу мүмкүнчүлүгү берилип жатат. Мындай дүкөндөрдү аймактарга жайылтуу каралууда.
— Алдыда Улуу Жеңишти майрамдоочу 9-май жакындап келе жатат. Бул датаны да уюм четте калтырбаса керек?
— Ооба, былтыр эсиңиздерде болсо Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого "Евразия" уюму чоң колдоо көрсөткөн. Россиялык жылдыздар Дима Билан, Филипп Киркоров баштаган таланттар келип, чоң программадагы концерт тартуулашкан. Быйыл, тилекке каршы, жыл сайын суюлуп жаткан согуштун катышуучуларын, тылда эмгек кылган ардагерлерибизди жеринде куттуктоону жана Караколдо же өлкөнүн түштүгүндө чакан иш-чара өткөрүүнү пландап жатабыз. Студенттерге да Ата Мекендик согуштун маанисин түшүндүрүп, Георгий тасмасы менен төш белги таратуу планыбыз бар. Бул эми жалпыбыздын майрамыбыз. Аталарыбыздын кан кечкен майданда жасаган эрдигин кийинки муун билип жүрүшү керек.
— Студенттер менен да тыгыз иштешет экенсиздер?
— Былтыр Ысык-Көлдөгү "Евразия" пансионатында 100дөн ашык студентти чогултуп, команда кандай түзүлөт, чукул кырдаал жаралганда өзүн кандай алып жүрүү керек, долбоорлор кантип жазылат, кайсы темалар актуалдуу деген маселелер менен үч күндүк тренинг өткөргөнбүз. Өзүн абдан жакшы көрсөткөн студенттерди "Узнай Россию" деген программанын алкагында Москвага жөнөттүк. Шаарда мындай долбоорлор көп, сынактар байма-бай өтүп тургандыктан биз аймактардагы жаштарга, студенттерге басым кылабыз. Уюмдун ичинде да "Евразия лидерлер ассоциациясы" деген өзүнчө топ бар. Алар да лидер студенттер менен тренингдерди өткөрүп, арасынан тандап, мыктыларын Москвага жөнөтүп жатышат. Ошондой эле окуучуларды да көңүл сыртында калтырган жокпуз. Совет учурундагы "Артек", "Орлёнок" лагерлерине мыкты окуган окуучуларды былтыртан бери алып бара баштадык. 2025-жылы 300дөй окуучу барып келди. Атайын конкурс жарыяланып, ага онлайн катышат. Москвадагы комиссия биздин мугалимдер менен биргелешип мыкты окуучуларды тандап, ай сайын 20-30 окуучуну алып барып жатабыз. Ошондой эле олимпиададан жеңген окуучуларга да квота бөлүнүүдө. Жаш депутаттарды да колдоо иретинде "Жаннат" отелинде Москвадан мыкты тренерлерди алып келип, окутууларды жүргүзөбүз. Буга 35 жашка чейинки жалпы аймактагы депутаттар катышса болот. Ошондой эле аймактардан да окуу китептери тууралуу өтүнмөлөр түшөт. Бул жаатта да иш алып барып жатабыз.
— Буга чейин мектеп директорлорунун да форумун өткөрдүңүздөр. Уланабы?
— Былтыр эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Москвада жолукканда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүшкөн. Ага "Евразия" уюму куратор болуп дайындалган. Ошонун алкагында Москвадан адистерди чакырып, Кыргызстандын мектеп директорлорунун тренинг-семинарын өткөргөнбүз. Бул жаатта да атайын топ иштейт. Аймактарда жаштар форумунда "Акылман ордо" аталышындагы интеллектуалдык оюн өткөрүлүп жатат. Аймактардагы жаштар көбүнчө орус тилин үйрөтүү, китеп менен камсыздоо, спортту көтөрүү жана россиялык жогорку окуу жайлары менен тажырыйба алмашуу жаатында көп кайрылышат.
ОшМУда евразиялык билим берүүнүн көргөзмөсү өттү. Видео