БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков маек куруп, эмне үчүн соңку маалда милиция кызматкерлери көбүрөөк кармала баштаганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, мындай фактылардын көбү министрлик текшерген маалда аныкталууда. Бул мыйзам бузуулардын көбөйгөнүн эмес, ички көзөмөлдүн, тартиптин күчөгөнүнөн жана системанын тазаланып жатканынан кабар берет. Министрдин сөзүнө караганда, бул милициянын аброюн бекемдеп, коом менен конструктивдүү байланыш түзүүгө шарт түзөт.
Ниязбековдун билдирүүсүнөн:
негизинен ИИМде коррупцияга жол бербеген, принципиалдуу адамдар иштейт;
кармоо учурунда адамды сабап салган Октябрь РИИБинин кызматкерлери боюнча: биз мындай учурларды жашырбайбыз, милиция ачык жана жоопкерчиликтүү болушу шарт;
жыл башынан бери коррупциялык кылмыштар боюнча 36 кызматкерге карата 23 иш козголду. 7 милиционер жумуштан алынды, 30у кызматынан төмөндөтүлдү, бир кызматкердин атайын наамы бир баскычка түшүрүлүп, 59 кызматкерге тартиптик жаза берилди.