Бишкекте 15-апрелден тарта эки чоң көчө жабылат

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 15-апрелден тарта Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Калаа мэриясы чектөө жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу киргизилип жатканын билдирди.
Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылат.
"Шабдан баатыр көчөсүндө узундугу 1080 метр болгон жылуулук түтүктөрү жаңыланып, диаметри 900 миллиметрден 1000 миллиметрге чейин чоңойтулат. Бул тилке 1989-жылы пайдаланууга берилген жана анын нормативдик иштөө мөөнөтү 25 жыл болсо, ал мөөнөттөн бир топ ашып кеткен. Фрунзе көчөсүндө 1120 метр жылуулук тармактары оңдолот. Бул жерде түтүктүн диаметри 700 миллиметрден 900 миллиметрге чейин кеңейтилет. Аталган тилке 38 жылдан бери иштеп келет", — деп айтылат маалыматта.
Бардык иштер жылытуу сезону башталганга чейин бүтүрүлөрү кошумчаланды.
Бишкекте "Манас" университетин аралап өткөн жаңы жол салынат