Жекшембиде Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу чектөө киргизилет

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бишкекте жекшемби күнү, 12-апрелде, айрым көчөлөрдө убактылуу чектөө киргизилет.
Калаа мэриясы билдиргендей, Bakai Jaz Demi жарым марафонуна байланыштуу саат 05:00дөн 13:00гө чейин Жайыл баатыр (Алыкуловдон Садырбаевге чейин) жана Абсамат Масалиев көчөсүнүн (Садырбаевден Бакаевге чейин) бир тарабы жабылат.
"Жаз деми" жазгы жарышына 25тен ашык өлкөдөн 4500гө жакын адам катышып, 5, 10, жана 21,1 чакырым аралыктарга чуркашат.
Жарышка 5 000 жөө күлүк чыкты. Snow Leopard Run жарым марафонунан видео