БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШдагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга ээ болгон Амиртай Бексултановду кабыл алып, MacBook тапшырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Касымалиев Амиртайды дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, ал жаштардын мындай ийгиликтери өсүп келе жаткан муун үчүн шыктандыруучу мисал болуп берерин белгиледи.
"Бул — Амиртайдын ата-энеси үчүн гана эмес, өлкө үчүн да сыймык. Мындай мисалдар окуучуларыбызды билимге умтулууга жана максаттарына жетүүгө шыктандырат деп эсептейм. Амиртайга чоң ийгиликтерди каалайбыз", — деди ал.
Өкмөт башчы жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.