Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Санкт-Петербургде өткөн Эл аралык транспорттук-логистикалык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Россия Федерациясынын транспорт министри Александр Никитин менен жолугушту. Маалыматка ылайык, министрлер кызматташтыкты азыркы абалын талдап, логистикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча кадамдарды белгилешти. Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду: — Кыргызстандын Автомобиль жолдору тармагы боюнча макулдашуусуна кошулуу жана тиешелүү протоколду түзүү; — Кыргызстандын 2016-жылдын 8-декабрындагы Азиялык автомобиль жолдору тармагындагы эл аралык жол транспорттук кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык макулдашуусуна кошулушу жана тиешелүү протоколдун түзүлүшү; — Өзбекстан аймагынан өтүп, Туркменбашы портуна, андан соң Россия портторуна чыгышы менен эл аралык транспорттук маршрутту ишке киргизүү боюнча иштерди активдештирүү; — Эл аралык автомобиль каттамдары боюнча Аралаш комиссиянын отурумун даярдоо жана өткөрүү. Министрлер ошондой эле туруктуу коридорлорду өнүктүрүү жана транзиттик потенциалды арттыруу эки өлкө үчүн артыкчылыктуу милдеттер экенин баса белгилешти.
Бишкек — Ош трассасынын Чүй облусундагы айрым тилкелеринде жол эрежелерин автоматтык түрдө каттаган аппараттык-программалык комплекстер ишке кирди. Алар ылдамдыкты ашыруудан тартып мамлекеттик номерсиз айдоого чейин бир нече мыйзам бузууларды аныктай алат. Бул тууралуу ЖКККББ басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, система «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында ишке киргизилип, аймактарда жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Жаңы комплекстер:— белгиленген ылдамдыктан ашуу; — каршы тилкеге чыгуу; — светофордун тыюу салган белгисинен өтүү; — коопсуздук курун тагынбоо; — жол белгилерин жана сызыктарын бузуу; — мамлекеттик номерсиз же жасалма, окулбай турган номерлер менен айдоо; — мурда «Коопсуз шаар» камералары каттаган төлөнбөгөн айыптардын бар экендигин аныктай алат. Мекеме белгилегендей, бул системанын негизги максаты — жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулардын тартибин жогорулатуу.
14-16-апрель күндөрү Бишкек шаарында KyrgyzBuild 2026 – курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана анын катышуучуларынын кесиптик өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган эң ири эл аралык курулуш көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Көргөзмөнүн алкагында дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн 110дон ашык компания, заманбап курулуш материалдары жана технологиялары, имараттардын инженердик системалары, энергетикалык жана инфраструктуралык чечимдер, металл конструкциялары, ошондой эле курулуш техникасы жана жабдуулары көрсөтүлөт. Көргөзмө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, заманбап курулуш технологияларын киргизүүгө, курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, шаардык жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоого көмөктөшөт. Көргөзмө Бишкек шаары, Иса Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде өтөт.