Бир бак кыйсаң, 10ду отургузасың. Мыйзам долбоору

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бир түп дарак кыйгандарды 10 көчөт отургузууга милдеттендирүү сунушталууда. Парламент депутаты Дастан Бекешев жазып чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Эл өкүлү парк, сквер жана бульварларды өзгөчө баалуу жер катары кароону сунуштады. Долбоорго ылайык, ар бир даракка санариптик паспорт берилип, реестрге киргизилет. Дарактарды кыюуга өзгөчө учурларда гана изилдөөлөрдүн негизинде уруксат берилет.
Курулуш үчүн бакты кыюуга туура келсе, анын ордуна 10 көчөт отургузуу талабы коюлат. Көчөттөрдү отургузган тарап алардын өсүшүн үч жыл көзөмөлгө алууга тийиш. Талаптарды бузган жеке жактарга 3 000 сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салуу каралган.
Ошто турак жай курулчу мурдагы көрүстөндүн ордуна 1300 көчөт отургузулду