БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. АКШ президенти Владимир Зеленскийдин Украинадагы чатакты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процесстерине тоскоол болуп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Анын (Зеленский — ред.) тоскоолдук жаратып жатканы (Украинада тынчтык орнотуу иштерине — ред.) ойго келбеген нерсе", — деп президенттин айтканын Politico басылмасы жазды.
Ак үйдүн кожоюну Зеленскийге бул жаатта макулдашууга кол коюуга убакыт келгенин белгилеген. Трамп Киев бийлигинин башында турган бул кишинин колунда мүмкүнчүлүктөрү түгөнүп бара жатканын айтып, кепке келүүгө чакырган. Ал эми РФ лидери Владимир Путиндин макулдашууга барууга даяр экендигин кошумчалаган.
Жыл башынан бери Россия, Украина АКШнын катышуусу менен үч ирет сүйлөшүү жүргүздү. Соңкусу Женева шаарында 17-18-февралда болгон. Россия делегациясынын башчысы Владимир Мединский бул процесстин оор, бирок иштиктүү өткөндүгүн белгилеген.
РИА Новостинин маалымат булагы тараптар эч кандай документтерге кол койбогонун, кийинки диалог кайда качан өтө тургандыгы тактала электигин кабарлаган.