https://sputnik.kg/20260223/batyshta-ukraina-uchun-emne-dayardap-turgandyktaryn-aytyshty-1099883158.html
"Зеленскийдин көзүн тазалашат". Батышта Украинага эмне даярдалып жатканы айтылды
"Зеленскийдин көзүн тазалашат". Батышта Украинага эмне даярдалып жатканы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эгерде Россия менен макулдашууга кол кое турган болсо, айланасындагылар Владимир Зеленскийдин көзүн тазалайт. Бул туурасында... 23.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-23T09:49+0600
2026-02-23T09:49+0600
2026-02-23T09:50+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
акш
россия
владимир зеленский
сүйлөшүү
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096763694_0:0:2700:1520_1920x0_80_0_0_d9e3352521c75d78fe7de731f8c695c7.jpg
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эгерде Россия менен макулдашууга кол кое турган болсо, айланасындагылар Владимир Зеленскийдин көзүн тазалайт. Бул туурасында Колумбия университетинин профессору Жеффри Сакс YouTube-каналдагы эфирде айтты. "Зеленский алы жетпеген нерселерге кол сермеген маскарапоз эле эмес, кылмыштуу топтун да башчысы. Киев бийлигинин жетекчиси башка кадамдарды таштаса, алар жок кылып коюшу ыктымал. Мисалы, бул нерсе макулдук берип, макулдашууга кол койгон учурда жасалышы мүмкүн", — деген ал. Эксперттин пикирине таянсак, тынчтыктын орношуна Россия менен АКШ кызыкдар. 2026-жылдын январынын аягында Россия, Украина жана АКШнын ишти жабык алып барган топтору Абу-Дабиде сүйлөшкөн. Анда Америка сунуштаган тынчтык планынын чечилбей жаткан жерлери талкууланган. Анын жыйынтыгында Россия менен Украина "157ге 157" схемасы менен туткунга түшкөн аскерлерин алмашкан. Кийинки сүйлөшүү 17-18-февралда Женевада өттү. Анда Россиянын делегациясын РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп, диалог бир топ оор өткөнү менен майнаптуу болгонун айткан.
https://sputnik.kg/20260220/zelenskij-sogushtu-ulantat-1099838349.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1a/1096763694_300:0:2700:1800_1920x0_80_0_0_0d2cc47ededd55cf5c15b98342118285.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, россия, владимир зеленский, сүйлөшүү, атайын операция
дүйнөдө, украина, акш, россия, владимир зеленский, сүйлөшүү, атайын операция
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эгерде Россия менен макулдашууга кол кое турган болсо, айланасындагылар Владимир Зеленскийдин көзүн тазалайт. Бул туурасында Колумбия университетинин профессору Жеффри Сакс YouTube-каналдагы эфирде айтты.
"Зеленский алы жетпеген нерселерге кол сермеген маскарапоз эле эмес, кылмыштуу топтун да башчысы. Киев бийлигинин жетекчиси башка кадамдарды таштаса, алар жок кылып коюшу ыктымал. Мисалы, бул нерсе макулдук берип, макулдашууга кол койгон учурда жасалышы мүмкүн", — деген ал.
Эксперттин пикирине таянсак, тынчтыктын орношуна Россия менен АКШ кызыкдар.
"АКШнын, Россиянын жана Украинанын ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, Трамптын администрациясы жаңжалдын аякташына чындап эле кызыкдар деп ойлойм. Трамп согуштун аякташын каалай турганын, Аляскада Россия менен сөз бекиткенин айтып жатат. Анан европалыктар келе калып же Линдси Грэм Россия көп жамандыктын башы, бир чечим кабыл алышыбыз керек дейт. Зеленский менен анын тобу өлкөнү жапырт коррупция каптаган шартта жалаң жарлыктар менен башкарып жатат. Булар согуштун бүтүшүн каалабайт", — деген Сакс.
2026-жылдын январынын аягында Россия, Украина жана АКШнын ишти жабык алып барган топтору Абу-Дабиде сүйлөшкөн. Анда Америка сунуштаган тынчтык планынын чечилбей жаткан жерлери талкууланган. Анын жыйынтыгында Россия менен Украина "157ге 157" схемасы менен туткунга түшкөн аскерлерин алмашкан.
Кийинки сүйлөшүү 17-18-февралда Женевада өттү. Анда Россиянын делегациясын РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп, диалог бир топ оор өткөнү менен майнаптуу болгонун айткан.