Бишкектин борборундагы кофеканадан чыккан өрт өчүрүлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкектин борборунда кофеканадан чыккан өрт толук өчтүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тилсиз жоо менен ӨКМчилер үч сааттай кармашып, саат 11:24тө толук өчүрүлдү. Бактыга жараша, кырсыктан көз жумгандар болгон жок.
ӨКМ бир аз мурда иске ууланган аял ооруканага кайрылганын билдирген.
Эске салсак, саат 8:33 чамасында Эркиндик проспектиндеги үй күйүп жатат деген маалымат түшүп, ага эки бригада чыгып кеткен.
Бишкекте чыккан өрттүн кесепетинен аялдын жабыркаганын айтышты