БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкектин борборунда чыккан өрттөн бир аял жабыркады. Бул туурасында Тез жардам кызматынан кабарлашты.
Ал эми ӨКМден иске ууланып калган аял ооруканага кайрылгандыгын айтышты.
Эске салсак, бүгүн ӨКМге саат 8:33 чамасында Эркиндик проспектиндеги үй күйүп жатат деген маалымат чыгып, өрттү өчүрүүгө эки бригада чыгып кеткен.