БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп үчүнчү өлкөлөрдөн келген мигранттардын агымын биротоло токтоторун билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазганын РИА Новости жазды.
Ошондой эле ал жарандыгы жок адамдарга берилген бардык федералдык жеңилдиктерди жана субсидияларды токтоторун белгилеген.
"АКШнын иммиграциялык тутуму толук калыбына келиши үчүн үчүнчү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн мигранттардын келишине тыным жарыялайм", — деп жазган ал.
Трамп муну менен бирге АКШда коомго жүк болуп жаткан, коопсуздукка коркунуч жараткан же батыш цивилизациясынын баалуулуктарына туура келбеген чет өлкөлүк жарандарды депортациялай турганын убадалады.