Кыргызстанда жаңы жалпы жарандык паспорттор колдонууга бериле баштады

Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттору бүгүн, 3-ноябрдан тарта, колдонууга бериле баштады. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, документти алмаштыруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Учурдагы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.
1 / 2

Документти алмаштыруу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт

2 / 2

Учурдагы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат

Жаңы паспортко өтүүнүн негизги себептери:
Кыргызстандын мамлекеттик желегинин өзгөртүлүшүнө байланыштуу;
документтерди даярдоонун толук циклин "Учкун" ААКнын кубаттуулугуна өткөрүү менен улуттук өндүрүштү күчөтүү;
аймакта эң жогорку коопсуздук деңгээлин камсыздаган жаңы технологияларды жана өзгөчө коргоо элементтерин киргизүү.
Жаңы паспорттун артыкчылыктары:
мамлекеттик чек арадан өткөн жарандарды эсепке алууну жакшыртуу;
чек аралар аралык кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция менен күрөштү күчөтүү;
документтерди жасалмалоодон коргоо;
өткөрмө бекеттеринде миграциялык көзөмөлдүн сапатын арттыруу.
"Түндүк" тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча жеткиликтүү болгон кызматтар