Батыш эстегиси келбеген "Мюнхен келишими". Тарыхый видео

1938-жылдын 30-сентябрында "Мюнхен келишими" деп аталган макулдашуу түзүлгөн.
Sputnik
Улуу Британияны — Чемберлен, Францияны — Даладье, Италияны Муссолини жетектеген. Алар СССРдин сыртынан тон бычып, Судет аймагын Чехословакиядан Гитлерге беришкен. Ошентип Прага өзүнүн аймагынын 1/5инен, 5 миллионго жакын калкынан жана өнөр жай ишканаларынын 33 пайызынан ажыраган.
1938-жылдын март айында Европа өлкөлөрүнүн "үнсүз" макулдугу менен Германия Австрияны басып алган. Ал эми 1939-жылдын 15-мартында Чехословакияга Гитлердин аскерлери басып кирген. "Мюнхен жашыруун бүтүмүнүн" кесепети бүткүл дүйнөгө тийген.