Кыргызстанда кылмыштуу Call-борбор аныкталып, чет жактагыларды алдагандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында туруп АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнүн жарандарын телефон аркылуу алдоого шектелген трансулуттук кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алар жалган документтерди жасап, фиктивдүү компанияларды түзүп, социалдык тармактар жана криптовалютага байланышкан телефон алдамчылыгы менен алектенишкен. Топтун бардык мүчөлөрү Түркияда таанышып, акыркы үч айда Кыргызстанда жүрүшкөн.
"Бишкек шаарындагы бир нече даректи тинтүү учурунда 9 ноутбук, планшет, 20 уюлдук телефон, 26 720 АКШ доллары жана 550 евро, шектүүлөрдүн паспорттору, чет өлкөнүн SIM-карталары, 22 банк картасы, 4 Wi-Fi роутер, ошондой эле жалпы салмагы 23,6 грамм болгон кара куурай табылды", — деп айтылат маалыматта.
Атайын операциянын натыйжасында жети чет өлкөлүк жаран жана бир кыргызстандык кармалган. Алар жасалма юридикалык компаниялар менен сайттарды түзүп, адамдарды алдап криптокапчыктарына кирүүгө же смарт-келишимдерге кол коюуга мажбурлашкан. Натыйжада жабырлануучулар активдерин толугу менен жоготушкан. Ошондой эле соцтармактардан алынган сүрөттөрдү колдонуп, жасалма интеллект аркылуу жалган документтерди даярдашкан. Жабырлануучулардан алынган акчалар Европадагы банк эсептерине которулуп турган.
Интернет алдамчылыгы менен алектенген. ИИМ эл аралык топтун ишине бөгөт койду