БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук банк кечээ интервенция жасап, валюта базарына 81,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды.
Натыйжада доллар сатуунун орточо курсу 2 тыйынга төмөндөп, акча алмаштыруу жайларындагы бүгүнкү курс 87,6 сомду түзүүдө.
Өлкөнүн башкы каржы мекемеси май айынын аягынан бери интервенция жасай элек болчу. Акыркы жолу 26-майда 59,8 миллион долларды жүгүртүүгө чыгарган.
Улуттук банк интервенцияны өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги инструмент катары пайдаланат.