"Петля Нестерова" деген жаңы ыкманы ал Францияда чыгарылган Nieuport IV жеңил учагы менен жасаган. Ал 70 аттын күчүнө барабар кыймылдаткыч менен иштеген.
Биринчи дүйнөлүк согуштан тарта Нестеровдун авиациялык отряды 3-Түштүк-Батыш фронтунун курамына кирген. Львовдогу согушка катышат. Австриянын аскердик башчылыгы орустун бул чыгаан учкучун кырсыкка кабылткандарга берилет деп ири акча сайган.
1914-жылы 8-сентябрда Жолква шаарынын жанында 27 жаштагы Нестеров абадагы кармашта курман болот. Ал дүйнөдөгү биринчи ирет аба таранын жасап, австриялык чалгынчы учакты жок кылган.