Ырчылык менен юморду айкалыштырып эл көңүлүнөн түнөк тапкан Бектен Жакилов

Sputnik
Бектен Жакилов кичинесинен кесипкөй музыкалык билим алган. Бала кезинде комузда кол ойнотконду үйрөнсө, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде дастанчылыкты өздөштүргөн. Окуу жайды бүткөндөн кийин чыгармачылыгын юмор менен да толуктап, музыкалык жана куудулдук өнөрү эл көңүлүнөн түнөк таап келет. Ал “Стимул” программасында конок болуп баскан жолу жана кош өнөрду кантип айкалыштырып калганын айтып берди.