Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт башчылары Россия менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктура, санариптик экономика жана башка тармактардагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Касымалиев менен Мишустин ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык кызматташууну да кеп кылышты.
Кыргызстандын жалпы эл аралык резерви жаңы бийиктикке жетип 7 миллиард 21 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Белгилей кетсек, эл аралык резерв улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын жана Кыргызстандын каржылык туруктуулугун колдоого, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат. "Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан бери 1,9 миллиард долларга же 38 пайызга өстү. Ал эми 2024-жылдын ичинде жалпы эл аралык резерв 3,3 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта. Эл аралык резервдин учурдагы көлөмү товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келечектеги импортунун болжол менен 5-7 айын жабат. Бул эл аралык резервдин жетиштүүлүгүнө коюлган эл аралык талаптарга шайкеш келет. "Быйылкы өсүш ички жана тышкы рыноктордогу операциялардан түшкөн каражаттын эсебинен, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу конъюнктуранын натыйжасында камсыздалды", — деди башкы банк. Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык жагдайды эске алуу менен тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баанын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактап туруу максатында эл аралык резервдин жетиштүү деңгээлин колдоого багытталган саясатын улантат.
Бишкекте "Евразия" социалдык дүкөнүнүн экинчиси ачылып, Асанбай кичи районунда жайгашты. Анын текчелерине азык-түлүк жана күнүмдүк муктаждыктагы товарлар коюлуп, өндүрүүчүлөр койгон баа менен сатылат.Ачылыш аземине "Евразия Кей Джи" уюмунун директору Кымбат Урумкулова, Бишкек мэриясынын Октябрь райондук муниципалдык администрация башчысынын социалдык маселелер боюнча орун басары Асел Сыдыкова жана Кыргызстандын пенсионерлер союзунун өкүлдөрү катышты. "Бул — Бишкектеги экинчи социалдык дүкөн. Долбоор мындан ары да уланып, өлкө боюнча ушундай дүкөндөр ачылат. Шаар тургундарына жаңы азыктар өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатылмакчы", — деди Урумкулова. Дүкөндөн соода кылуу үчүн жарандын аты-жөнү жазылган социалдык карта керек. Аны алуу үчүн анкетаны толтуруп, негизги маалыматтарды тактап айтканда аты-жөнү, телефону, туулган күнү жана жашаган даректи көрсөтөсүз. Долбоор "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү меморандумдун алкагында ишке ашырылууда.