“Стоп кадр” уктуруусунда бул сапар биз 28-августтан баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган “Карындаш” тасмасынын уландысы “Агатай” киносу тууралуу кеп кылдык. Фильмдин башкы каармандары Кундуз Камчыбек кызы жана Арууке Абдыкалыкова тасма тартуудагы кыйынчылыктар, кызыктуу окуялар менен бөлүштү. Алардын айтымында, бул долбоор ХVIII кылымдагы окуяны чагылдырышы менен өзгөчө болгон.