БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Германиянын канцлери Фридрих Мерц Германия Россия менен мурдатан бери тирешип келгенин айтты. Ал бул тууралуу Франциянын LCI телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Мерц бул жагдайга Москваны айыптап, Россия Германиянын айрым аймактарындагы туруктуулукка жик салып, социалдык тармактар аркылуу өлкөнүн ички маселелерине кийлигишип жатканын билдирген. Буга чейин Россия мындай негизсиз каралоону кескин түрдө четке каккан.
Канцлердин айтымында, атайын кызматтар ага Россия "Германиянын инфраструктурасына кол салып", өлкөдөгү коомдук пикирге таасир эткиси келери тууралуу күн сайын маалымат беришет.
Россия лидери Владимир Путин буга чейин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Россиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындай кадамдын таптакыр маанисиз экенин түшүндүргөн. Ал батыш саясатчылары ички көйгөйлөрдөн алагды кылуу үчүн элин Россия менен коркутууну адат кылып алышканын айткан. Анткен менен сергек ой жүгүрткөн ар бир адам мунун фейк экенин жакшы түшүнөрүн белгилеген.
Еврокомиссия ушул жылдын март айында "Европаны кайра куралдандыруу" деген жаңы коргонуу стратегиясын иштеп чыкты. Кийинчерээк биримдиктеги айрым өлкөлөрдүн каршы пикиринен улам документтин аталышын анчейин агрессивдүү эмес "2030-жылга даярдык" деп өзгөртүп коюшту.
Стратегия төрт жыл ичинде 800 миллиард еврого жакын каражат тартууну көздөйт. Анын көбүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн бюджетинен өөнөп алууну карап жатышат. Мындай жол менен болжолдуу 650 миллиард чогулса, дагы 150 миллиардды насыя түрүндө топтоо мерчемделген.
Брюссель Евробиримдиктеги өлкөлөр үчүн бюджеттик жеңилдиктерди берет. Бирок аймактарды өнүктүрүүгө каралган акчаны аскердик чыгымдарга багыттаганы жатат. Мындан тышкары, "2030-жылга даярдык" биримдикке мүчө өлкөлөрдүн коргонууга кеткен чыгымын көбөйтүп, ИДПнын 1,5 пайызын алат.