Алиментти эми нотариус аркылуу өндүрүп алуу мүмкүн болот. Бул тууралуу Юстиция министрилигинен кабарлашты. Чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу программасынын бир бөлүгү экени айтылган. Ага ылайык, арыз ээси ата-энеликти аныктоо же талашуу зарыл болбогон жана үчүнчү жактардын кийлигишүүсүн талап кылбаган чыр-чатаксыз учурларда нотариуска арыз берүүгө укуктуу. Мындай жеңилдиктин аркасы менен доочулар сотко кайрылып, убакыт жана акча короткон түйшүктөн арылары айтылган. Андан тышкары, сот тутуму да миңдеген бир типтүү иштерден колу бошоп, татаалыраак жана кайчы пикир жараткан маселелерди кароого убакыт табылары кошумчаланган.
Өспүрүмдөр жана жаштар үчүн баңгибизнеске катышуу көбүнчө "оюнга" айланып кетет. Анткени алар жашырылган жерлерди издешет. Бул тууралуу журналисттерге ЖККУ органдарынын биологиялык коопсуздук маселелери боюнча координациялык кеңешинин жыйынында уюмдун катчылыгынын кеңешчиси Михаил Мелихов билдирди. Анын айтымында, баңгизаттын эң аярлуу катмар болуп саналган жаштарга тийгизген таасирин азайтууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ал белгилегендей, эксперттердин баалоосу боюнча, жыл сайын ЖККУга мүчө өлкөлөрдө баңгизатка ууланып 10 миңге жакын адам каза болот. Эксперттин айтымында, Кыргызстанда жапайы жана маданий кара куурай плантацияларын аныктоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттар активдүү колдонулууда. Мындай технологиялар жетүүгө кыйын болгон аймактардагы мыйзамсыз өстүрүлгөн кара куурайды аныктоого мүмкүндүк берет.
Бишкек шаарынын жашоочулары үйлөрүнө экологияга зыян келтирбей турган жылытуу тутумун орнотуу үчүн бир миллион сомго чейин насыя ала алат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, үйүн жылытуу үчүн жылуулук насосторун, электр казандарын жана күн энергиясы менен жылытуу тутумун орнотууну каалагандарга бир миллион сомго чейин жеңилдетилген пайыз менен насыя каралууда. Мындай демилге абанын булганышын азайтууга, шаар тургундарынын ден соолугун жакшыртууга жана борбордун экологиясын оңдоого багытталганы белгиленген.
Жозеф Байдендин бийлиги учурунда Украина "акча соро берген саз" болгон. Бул туурасында вице-президент Жей Ди Вэнс басылмалардын бирине берген маегинде айткан. "көйгөйдү чечиш үчүн акчаны таштай берген кызыктай бир кургуйга окшош эле, анда маселени чечип, жөнгө салуу үчүн эч кандай реалдуу пландар жок болчу. Бул мени дайыма кыжалат кылчу", — деген ал. Вэнстин айтымында, мурдагы администрация Владимир Зеленскийге "эч кандай так максат эле" каражат берген./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 35 тыйынга евро 101 сом 23 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 29-августка караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.