“Дүйнө тажысы” наамына карай жол — Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов К2 чокусун багындырды

Sputnik
Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Пакистандагы 8614 метр бийиктикте жайгашкан К2 чокусун багындырды. Кубатов чокуга кычкылтек балонун колдонбой чыкты. 7-апрелде Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиреткен. Кыргыз альпинистинин жетишкендиги тууралуу “Спортбокс” программасында сөз кылдык.