Ашуунун астынан өткөн тоннель салынат. Жапаров Эңилчекке барып, эл менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 2-авг. —Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн алыскы Эңилчек айылына барып, жергиликтүү эл менен жолукту. Бул туурасында маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы менен кошо ал жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана транспорт министри Абсаттар Сыргабаев да барган.
Жапаров жол салынып, ашуунун астынан өткөн 10 чакырымдык тоннель куруларын айткан.

"Ашууга чейинки жана андан кийинки жолду быйыл баштайбыз, кийинки жылы күздө бүтүп калат. Тоннелге 2-3 жыл керек болот", — деди Жапаров.

Мындан тышкары, айылдыктар окуучу балдарына Караколдон үй менен камсыз кылууну өтүнүштү. Анткени Эңилчек айылында 9-класска чейин эле окутат, балдар андан ары Каракол шаарындагы мектептерде билимин улантат. Жапаров бул өтүнүчкө мамлекеттик ипотекадан кезеги менен үй берилерин айтты.
Учурда ал жерде 35 түтүн жашайт. Эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.
Эңилчектин тарыхы. 1989-жылы курулган Эңилчек шаары Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында деңиз деңгээлинен 2 500 метр бийиктикте жайгашкан.
Вольфрам, калай, молибден сыяктуу пайдалуу кендерге бай аймакка кеткен жол 1980-жылы түптөлө баштаган. СССРдин убагында кенди казып алып, кайра иштетүү үчүн атайын шаарча куруу чечими чыгарылган.
Шаарча 1989-жылы салынып бүткөндө ага 20 миң адамды отурукташтыруу пландалган. "Сары-Жаз" тоо-кен комбинатынын кызматкерлерине жашаганга шарт түзүп берүү үчүн көп кабат үйлөр, мектептер, ооруканалар жана спорттук аянтчалар курулган. Керек болсо, аэропорту да болгон. Курулуш иштери бүткөндөн кийин СССРдин булуң-бурчундагы жаштар агылып келе баштаган.
Советтер Союзу урагандан кийин шаарда жашоо кыйындай баштаган. Жумушсуздук өкүм сүргөндүктөн эл кайра көчө баштаган.
Ээн калган Эңилчектеги тиричилик сүрөттө