БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Россия менен бирдиктүү билим берүү мейкиндиги кандайча түзүлөрү тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү.
Дюшееванын айтымында, ЕАЭБде ыңгайлуу эмгек рыногун уюштуруу үчүн шарттарды түзүү демилгенин башкы максаты болуп саналат. Бул үчүн билим берүү системаларынын элементтерин жалпы стандарттарга жана принциптерге келтирүү зарыл.
Синхрондоштуруу милдеттеринин ичине сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу, бирдиктүү стандарттарды жана ыкмаларды түзүү, окуучулардын жана мугалимдердин мобилдүүлүгүн жогорулатуу, билим берүү жөнүндөгү документтерди өз ара таануу кирет.
Дүйшеева мамлекеттик жана предметтик стандарттарды, окуу программаларын жана окутуунун натыйжаларын макулдашуу зарылдыгын баса белгиледи.
“Бардык мектептик предметтер боюнча билимдин өзөгүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мунун аркасында бүтүрүүчүлөрдүн мобилдүүлүгүн жогорулатууга болот, анткени кыргызстандык мектеп окуучуларынын аттестаттары Россияда таанылышы керек”, — деди ал.
Салыштырма баалоо системаларын киргизүү, шайкеш билим берүү платформаларын түзүү жана электрондук ресурстарды, анын ичинде санариптик китепканаларды, методикалык материалдарды интеграциялоо пландаштырылууда. Ошондой эле тилдик жана маданий координация боюнча иш жүргүзүү, эки тилдүү жана көп тилдүү окутууну өнүктүрүү милдети да турат.
Академиянын президенти окуу пландарына жана предметтик стандарттарга карата жүргүзүлгөн салыштырмалуу талдоо эки билим берүү системасында олуттуу айырмачылыктар жок экенин, фундаменталдык өзөк сакталып калганын көрсөткөнүн белгиледи. Айырмачылыктар тарых, география, тил жана адабият сыяктуу улуттук компоненттерге гана тиешелүү.