Ысык-Көлдө салына турган тоо-лыжа курортундагы жерлер аукцион аркылуу сатылат

Sputnik
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортундагы жерлер аукцион аркылуу сатыла баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, аталган курорт мындан ары "Ала-Тоо резорт" деп аталып, 2028-жылы толук ишке берилет.
Өлкө башчы курорттогу отель, ресторан жана башка объектилер салынуучу жерлерди аукцион аркылуу сатып, андан түшкөн каражат менен курулуштун 2-3-фазалары бүткөрүлөрүн белгиледи. Ал эми 1-фазасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулмакчы.
"Жыргалаң участогундагы биринчи асма жол кийинки жылдын июлунда бүтөт. Демек, 2026-жылдын декабрында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет. 2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт. Жалпы "Ала-Тоо резорт" трассасынын узундугу 250 чакырымды түзөт", — деп жазган Жапаров.
Президенттин айтымында, жерди сатып алгандар үчүн документтерди мамлекет даярдап берет, ишкерлер эки жылдын ичинде курулушту бүткөрүшү керек.
Жапаров алгачкы аукцион июндун башында болорун айтып, инвесторлорду катышууга чакырган.
Жапаров Мирзиёев менен Өзбекстандагы лыжа базасында чайлашты