Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Жеңишке үч күн калган эле... Сержант Иван Сериковдун өлүмү

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 26 жашында Даңк орденинин толук кавалери болууга жеткен сержант Иван Сериков 1945-жылы 6-майда немецтик көзгө атардын огунан каза таап, болгону үч күндөн кийин майрамдалчу Жеңиш күнүн көрбөй калган. Эрдиги менен тарых беттеринде жазылып калган жоокер тууралуу видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жарыялады.
"Берлинге биринчи болуп киришим керек. Бул жараат кеп эмес", — деген пулеметчу Сериков санитардык батальондо дарыланып жатып.
Айтканындай эле болду. Берлинге биринчи болуп кирип, ошол жерден көз жумду.
Жеңишке болгону үч күн калган эле...
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
"Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" почта маркасы чыгарылды. Видео