Ленинградды коргогон "Октябрская революция" линкоруна (аскердик кеме) жардам берип камсыздоо Кыргызстандын мойнунда эле. 1942-жылдын февралында кыргызстандыктар бул шаарга 50 вагон ун, эт, күрүч, жашылча, кургатылтаган жемиш, жаңгак жеткирип барган. Линкордун өздүк курамы үчүн да атайын эки вагон азык даярдалган. 12 күндүк сапар тууралуу делегациянын башчысы, Кыргыз ССРинин Президиумунун төрагасы Молдогазы Токобаевдин "Кызыл Кыргызстан" менен "Советская Киргизия" гезиттеринде "Белектер жеткирип берилди" аттуу макаласы чыккан эле. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотодокументтеринин архивинен кыргыз делегациясынын Ленинградга барганы чагылдырылган сейрек сүрөттөрдү тапты.
Тема боюнча: