БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына бүгүн "Эскерүү багы" акциясынын алкагында 80 түп ак кайың тигилди. Бул туурасында Россиянын Оштогу Башкы консулдугунан кабарлашты.
Иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, "Эскерүү багы" эл аралык акциясынын алкагында өттү.
"Отургузулган дарактар Жеңиш үчүн өмүрүн бергендердин эрдигин, каармандыгын эскерип турмакчы",— деп айтылат маалыматта.
Көчөт отургузууга "Русский домдун", Россиянын Оштогу Башкы консулдугунун, "Мурас" аскер-мекенчилдик клубунун, шаардын администрациясынын, Баткендин Ардагерлер кеңешинин, Афганстан согушунун Жалал-Абаддагы Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү келишти. Алардан сырткары, "Славянская диаспора" ассоциациясынан, россиялык православдык Архангел Михаил чиркөөсүнөн (Ош шаары), "Чет өлкөдөгү россиялык мугалимдер" долбоорунан, Татар-башкырт "Идель" борборунан да катышкан.
Бул иш-чара аймактарда "Жеңиштин ыктыярчылары" эл аралык кыймылынын демилгеси менен жасалып келет.
"Эскерүү багы" — Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине арнап дүйнө жүзүнө 27 миллион бак отургузуу камтылган эл аралык акция.