Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын көбү ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашайт

Красноярскиде кийим базарында иштеп жаткан келиндер. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын көбү ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан учурда 600 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт.
"Былтыр 380 миң кыргызстандык Россиянын, 70 миң мекендеш Казакстандын миграциялык каттоосунда турган", — деди Дарманкул уулу.
Ал ошондой эле Түркияда 32 миңге жакын, АКШда 40 миңдей, Кореяда 17 миңден ашуун, Германияда 15 миң жана Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңден ашык мекендеш бар экенин кошумчалады.
Бажы кызматкери эсеп-фактураларды текшерип жатат. Архив
ЕАЭБде электрондук транспорттук коштомо кагаз боюнча сынамык долбоор ишке кирет