23-декабрга карата аба ырайы

23-декабрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -2…+3, Талас чөлкөмүндө -1…+4, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…5, Нарын облусунда -3…-8 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 1…3, Ош шаарында 3…5 градусту көрсөтөт.
Апта башында жана соңунда кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу