Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды

Аткаминер. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Дүйшөнкул Чотонов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бул кызматты ээлеп турган Муса Жаманбаев 25-октябрда иштен алынган.
Дүйшөнкул Чотонов мурда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Вьетнамдагы элчиси болгон.
Аткаминер. Архив
Президент Бириккен Араб Эмирликтериндеги элчини алмаштырды