Садыр Жапаров Караколдогу жаңыланган аскер бөлүккө 30 жол тандабас тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгүнө 30 жол тандабас тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров аталган №2028 аскер бөлүккө барган. Анда бардык имараттарды, анын ичинде административдик корпустарды жана турак жайларды капиталдык реконструкциялоо боюнча иштер аяктаган.
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, 1962-жылы түптөлгөн бул аскер бөлүктө бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй, имараттар эскирип, чатырларынан суу өтүп, кейиштүү абалга келгенин көргөндө көңүлү чөгүп, намыстанып кеткенин айтып берди.
"Дароо барып, аскер бөлүктүн инфратүзүмүн: штабы, окуу борбору, окуу корпусу, казармасы, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттарын капиталдык оңдөп-түзөөдөн өткөрүүгө буйрук бергем. Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 километрин түзгөн тилкесин кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип олтурат", — деди президент.
1 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

2 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

3 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

4 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

5 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

6 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

7 / 7

Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгү

Президент чек арачылардын социалдык абалын, турак жайын жакшыртуу жана башка курулуш иштерине 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.
Ошондой эле өлкө башчы саамалыктын урматына 51 миллион сомдон ашкан акча каражатына алынган 30 даана жол тандабасты тапшырды. Буга чейин 43 миллион сомдон ашкан 25 жол тандабас берилген.
Эркиндикти туу тутканбыз. Президент Адам укугун коргоо күнүнө карата кайрылды