БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Элдар Алишеров "ЕАЭБ мейкиндигинде кызматташуунун стратегиялык багыттары жана артыкчылыктары" аталышындагы тегерек столдо 2030 жана 2045-жылга чейин ЕАЭБди өнүктүрүү декларациясын даярдоо тууралуу айтып берди.
Ал декларацияны ишке ашыруу үчүн жол картасын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеген.
"Учурда комиссия мүчө мамлекеттер менен жол картаны даярдап жатат. Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын кызыкчылыктарына жооп берген, натыйжалуу иштей турган документти даярдайбыз деп ишенем", — деди ЕЭК министри.
Ошондой эле Алишеров ЕАЭБдеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө эксперттик жана илимий коомчулуктун катышуусунун маанилүүлүгүн кошумчалады.