1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү күнү болуп эсептелинет. Буга чейин СПИД — 21-кылымдын чумасы катары мүнөздөлсө, учурда бул оорунун да эффективдүү дарылары чыгып, адамдар кадимкидей эле дарысын ичип жашай берүүгө болот.
“Ачык Кеп” программасынын мейманы Үмүткан Чокморова оорунун белгилерин, жугуу жолдору жана дарылоо тууралуу кенен айтып берди. Учурда өлкөдө ВИЧти алып жүрүүчүлөр 100 миң адамга 11,7 пайыз туура келет.