Садыр Жапаров "Менин үйүм" программасы боюнча жарлыкка кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди.
Тийиштүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка караганда, бул жарлык "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКы менен "Элдик банк" тарабынан түзүлгөн "Топтомо ипотека" продуктусун ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Турак жайды каржылоо боюнча ипотекалык кредиттин суммасы:
"Социалдык ипотека" 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;
"Жеңилдетилген ипотека" 4 000 000 (төрт миллион) сомго чейин;
"Арзан ипотека" 5 000 000 (беш миллион) сомго чейин.
"Топтомо ипотека" — бул "Турак жайды үлүштүк куруу" механизмин пайдалануу менен "Менин үйүм" мамлекеттик программасынын алкагында үй сатып алуунун комплекстүү процесси.
Берүү шарттары:
кыймылсыз мүлктүн алдын ала наркынын 30 пайызы алты айга "Элдик банкка" депозитке салынат;
турак жайдын наркынын 20 пайыздык суммасы 10 пайыз менен беш жылга банк аркылуу насыя берилет;
калган 50 пайызы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жылдык 8 пайыз менен 15 жылга берилет;
артыкчылыгы – күрөөнүн жоктугу.
Садыр Жапаров: 2028-жылга чейин муктаждардын баары үй-жайлуу болот