БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөр үчүн эне капиталы 1-январдан тарта күчүнө кирерин Камчыбек Ташиев айтты.
Ал мурдараак мамлекет ар бир төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, жетинчиге 1 миллион сом, сегизинчи жана тогузунчу балдарга 1,5 миллион сом, онунчу балага 2 миллион сом берүүнү пландап жатканын билдирген.
УКМК төрагасы кечээ Оштогу үч эм наристелүү болгон үй-бүлө менен жолугуп, аларга үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, 500 миң сом, ноутбук жана башка белек-бечкек тапшырган. Балдардын атасы Жаза аткаруу кызматында (Ош) иштесе, энеси — үй кожойкеси.
Өткөн аптада Ташиев Нарында жарык дүйнөгө келген үч эмди барып көрүп, ата-энесине 500 миң сом жана үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган.