Иван Трофимов Россиядагы фестивалда "Кыргызстаным" ыры менен жеңүүчү болду

Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бишкектен барган 17 жаштагы Иван Трофимов Россияда улуттук маданият боюнча өтүп жаткан балдар менен өспүрүмдөрдүн эл аралык "Содружество" фестивалында жеңүүчү болду.
Иш-чара Владимир шаарында ноябрдын башында уюштурулуп, ага бир канча мамлекеттен 200гө чукул жамаат катышкан.
Трофимов сынактык программада кыргыз тилинде "Кыргызстаным" жана Муслим Магомаевдин репертуарындагы "Синяя вечность" ырын аткарды. Бишкектик катышуучу экинчи даражадагы жеңүүчү болду. Россиянын Элдик биримдик күнүндө фестивалдын катышуучулары концерт берди. Ырдап чыккандардын арасында аталган кыргызстандык улан да болду.
Кремлдин сахнасында комуздун коштоосунда жаңырган романс. Видео