Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун ХI саммити өттү

Жыйынга ТМУга мүчө Азербайжандын, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, ошондой эле байкоочу мамлекет Венгриянын премьер-министри катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин ХI саммити өттү.
Жыйынга төрагалык кылган президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62 пайызга өскөнүн айтты.
"Соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү максатында капиталдык салымдарды көбөйтүүгө, өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу рыноктору менен алмашууга багытталган документти иштеп чыгуу боюнча аракеттерди көрүүгө чакырам", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал эл аралык аренада климаттын өзгөрүшү жана экологиянын бузулушуна тиешелүү маселелерди көтөрүп жатканын белгилеп, "Камбар-Ата-1" долбоорун ишке ашырууга катышууга чакырды. Мындан тышкары, санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерди санап берди.
"Бишкек шаарына 2025-жылга Түрк дүйнөсүнүн санариптик борбору макамын ыйгаруу боюнча демилгени колдооңуздарга ыраазычылык билдирем", — деди мамлекет башчы.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө эл аралык маселелер дагы көтөрүлдү. Алсак, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эл аралык коомчулук Палестинадагы геноцидди токтотууга жетиштүү аракет кылбай жатканын айтты.
"Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү бул маселе боюнча чечим кабыл алгылары келбейт. Израиль бүтүндөй аймакты бүлгүнгө учуратууну максат кылат. Иран жана Ливанга кол салуусу дал ушул ниетте экени көрүнүүдө. Ливанда өткөн жылы каза болгондордун саны 3 миңге жетип, качкындар 1,5 миллиондон ашты", — деди Эрдоган.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө өлкө башчылары уюмдун финансы, технология, коопсуздук, алаканы жакшыртуу жана башка маселелер боюнча кеңири кеп кылышты. Алсак, ТМУга мүчө мамлекеттер: Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президентти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекет Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев сөз сүйлөштү.
Режеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары
Садыр Жапаров Түркия президенти Эрдоганга аргымак тартуулады. Видео