2025-жылы маданият тармагына кошумча үч миллиард сом бөлүнөрү айтылды. Видео

Маданият министри ал тейлеген тармакка мамлекет тарабынан жакшы колдоо болуп жатканын айтып, каржылоо дагы өсүп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 2025-жылы маданият тармагына кошумча үч миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин ачылышында маданият министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Ал соңку жылда Орто Азияда жок музыкалык техникалар, LED-экрандар 1 миллирад сомдон ашуун каражатка сатып алынганын айтты. Ошондой эле 500 миллион сомго артисттерге костюм, форма, музыкалык аспаптар алынса, тарыхый мурастарды сактоо, изилдөө жана калыбына келтирүүгө 600 миллион сом каралганын белгиледи.

"2016-жылы биринчи жолу министр болуп келгенимде 30 миллион сом бөлүнсө абдан кубанганбыз. Азыр ал күндөрдү жылмайып эстеп жатабыз. 2025-жылы маданиятты өнүктүрүүгө кошумча 3 миллиард сом бөлүнгөнү турат", — деди Максүтов.

Бүгүн Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирк капиталдык реконструкциядан кийин ачылууда. Аземге мамлекет жетекчилери: президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.
Максатыбыз – алтын доорду кайталоо. Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады